«Жансыз денесин жергиликтүүлөр тапкан». Лейлекте селдин кесепетинен 16 жаштагы өспүрүм көз жумду

иллюстрация

Лейлек районунда селдин кесепетинен бир адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 19-июлда саат 17:30 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Козу-Баглан, Катраң, Лейлек, Тогуз-Булак, Айкөл айылдарында жана Исфана шаарынын Голбо, Чымген айылдарында сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун, ички чарбалык унаа жолдордорду, ички чарбалык арыктарды жана көпүрөлөрдү каптаган. Мындан сырткары Лейлек айыл аймагындагы Ак-Терек айылында 25 турак үйдүн ичине сел суулары кирип, 20 турак үйдүн, 1 мектеп, 1 бала-бакча жана 1 мечиттин короосун сел суулары каптаган.

Селдин кесепетинен 16 жаштагы өспүрүмдү суу агызып кеткен. Жергиликтүү тургундар тарабынан маркумдун жансыз денеси табылган. Жеринде Лейлек райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы, ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан жана Баткен облустук башкармалыгынан ыкчам топтору иш алып барууда.