Жаңы Ак Үйдүн аталышы — Ынтымак-Манас Ордосу

Президент Садыр Жапаров бир апта мурдагы сурамжылоосу аягына чыкканын, элден жалпы жонунан 108 вариант сунушталганын билдирди.

«Сунушталган варианттардын ичинен төмөнкү төрт аталыш көбүрөөк аталыптыр: Ак Ордо, Кут Ордо, Айкөл Ордо жана Ынтымак Ордо. Ынтымак Ордосу болсун деген сунуш жеке менин сунушум эле. Көпчүлүктүн сунуштарынан улам, дагы бир атты кошуп, Ынтымак-Манас Ордосу десек ылайык болчудай», — деп жазылат билдирүүдө.