Жаңы Ак Үйдүн көрүнүшү кандай болуп жатат? Видео

Соцтармакта курулуп жаткан Жаңы Ак Үйдүн видеосу тарап жатат.

Өткөн жылдын октябрь айында Садыр Жапаров президенттик администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктап калганын билдирип, ага аталыш тандоо боюнча сурамжылоо кылган. Анын жыйынтыгында Ынтымак-Манас Ордосу деген аталыш тандалган.

Президент Бишкектин борбору автотыгынга толуп кеткенине байланыштуу жаңы Ак Үй куруу зарылдыгы чыкканын айткан. «Бир эле президенттик имаратты эмес, бүтүндөй министрликтерди өйдө жакка көчүрөбүз» деген ал.