Жаңы автобекет: Каракол, Бостери жана Балыкчы шаарына маршруттук каттам ачылды

Борбордогу “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынан, ушул жылдын 10-апрелинен тарта Каракол, Бостери жана Балыкчы шаарына байма-бай эмес (нерегулярный) тартипте маршруттук каттам иштеп баштайт.
Каттамды тейлөө үчүн 10 даана кичи маршруттук унаа даярдалды. Алар күн сайын 12:00дөн тарта “Бишкек автобекетинен” чыгышат. Жол кире акысы төмөндөгүдөй бекитилген:
Бишкек – Каракол – 450 сом;
Бишкек – Бостери – 350 сом;
Бишкек – Балыкчы – 300 сом.
Билетти аралыктан онлайн сатып алууга болот. Ал үчүн төмөнкү номерлерге байланышуу зарыл: +996704190589, +996700981080
Республиканын аймагында автоунаа транспорту менен жүргүнчү ташууну уюштуруунун эрежесине ылайык, байма-бай эмес ташуулар (буйрутма, атайын, туристтик-экскурсиялык, коммерциялык) болуп бекитилген.
Маалымат үчүн: “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасы Алмата көчөсү менен шаарды айланып өткөн чоң жолдун кесилишинде жайгашкан.