Жаңы автобекеттен каттаган транспорттор текшерилип, 135 миң сомго айып салынды (видео)

Коомдук транспорттор текшерилип, 135 миң сомго айып салынды. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан маалымдашты.

Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү таң эрте батыш жаңы автобекетине барып, Бишкек шаарынын аймагынан сырткары Бостери, Каракол, Чолпон-Ата, Ананьево, Нарын, жана башка аймактарга каттаган жүргүнчүлөрдү ташыган машруттук унааларды текшерүүгө алышты. Анда эртең менен каттамга чыгарда наркология бөлүмүнөн жана техникалык көзөмөлдөн өтүүсү, ошондой эле коомдук унаанын санитардык абалы талаптарга ылайык келүүсү каралып, техникалык жактан кемчиликтер, мыйзамсыз орнотуп алган кошумча жабдыктар өңдүү жана башка укук бузуулар аныкталды. Ошого байланыштуу техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан жалпы 25 протокол толтурулуп, жалпы суммасы 135 миң сомго айып салынды.