Жаңы-Барак айылында 101 турак жай курулуп жатат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында, Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагындагы Жаңы-Барак айылына барды.

МинКаб башчысы Жаңы-Барак айылындагы жүрүп жаткан курулуш иштери менен таанышып чыкты. 30-майга карата курулуп жаткан 101 турак жайдын 98 пайдубалы куюлуп бүтүп, 18 турак үйдүн жеңил конструкция дубалдардары тургузулду. Калган турак үйдүн жеңил конструкция дубалы 16-июнга чейин  тургузулуп бүтүшү пландалууда.

Ошондой эле, 5 кабаттуу көп батирлүү Ынтымак-Достук үйүн долбоорлоого архитектуралык уруксат кагаздары жана долбоордук документтери даярдалып берилди. Долбоорго ылайык көп батирлүү үй 5 кабаттуу 4 блоктон турат. Ар бир блокто 40 батир жайгашып, жалпысынан 160 батир каралган. Мындан тышкары кичи футбол аянтчасы жана 2 кабаттуу 140 орундуу бала бакчасын долбоорлоого тиешелүү иш кагаздары даярдалып берилгени туурасында маалыматтар берилди.

Курулуш иштерин жеринен көрүп чыккан Акылбек Жапаров жергиликтүү бийлик органдарына жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине Өзбекстандагы Барак эксклавынан көчүп келген Кыргыз жарандарына тез жашоо шарттарын түзүп, курулуштарды өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.