Жаңы гимнге коюлган талптарга жооп берген чыгарма табылган жок. Кайра сынак жарыяланышы мүмкүн

9–10-апрель күндөрү Кыргыз улуттук “Манас” театрында Мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциядагы мыкты долбоорун тандоо боюнча комиссиянын экинчи отуруму өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Жыйында комиссия мүчөлөрү сунушталган долбоорлорду угуп чыгып, алардын мазмундук, музыкалык жана поэтикалык жактарын ар тараптан талдоого алышты.

«Комиссия сунушталган долбоорлордун ар түрдүүлүгүнө жана жарандардын активдүү катышуусуна карабастан, мамлекеттик символ катары гимнге коюлган мазмундук жана көркөм талаптарга толук жооп берген чыгарма табылган жок деген бүтүмгө келди. Ушуга байланыштуу, сынакты кайрадан жарыялоо жана Жобого бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун киргизүү чечими кабыл алынды«,- деп айтылат маалыматта.

Комиссиянын сунушу боюнча:

1. Биринчи этапта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнине жаңы редакциядагы текст тандалып алынат.

2. Экинчи этапта бекитилген текстке музыкалык чыгарманы жаратуу боюнча сынак жарыяланат.

Буга чейинки сынакка катышкан авторлор бул жолку сынакка дагы катыша алышат, бирок жаңы долбоор менен.