«Жаңы жашоо башта дешти». Аквапаркта баласы чөгүп каза болгон эне үйлүү болду

Ушул жылдын 6-июнь күнү Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Анын апасы Асел Азыкова микроинсульт алып, жакында Түркиядан бутуна операция жасатып келген. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ага байланышканыбызда, ал үйлүү болгонун айтты. «Ата-энем «жаңы жашоо башта» деп үй алып беришти», — деди ал.

Ал ошондой эле Түркияда операция жасатып келген буту жакшы болуп калганын да айтты. «Бутум жакшы болуп калды. Азырынча балдак менен басып жатам», — деди ал. Ал буга чейин социалдык тармактагы баракчасына каза болгон уулу Атайдын атынан «Атайчик» деген интернет дүкөн ачуу планы менен да бөлүшкөн эле. Азырынча бул план артка жылып калганын айтты.