Марипов кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө салынып жаткан үйлөр менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен каза болгондордун  үй-бүлөсү үчүн курулуп жаткан 36 турак-жайдын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул максатта Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 5 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.

Белгиленгендей, мында 6 соток жер тилкеси бар 4 бөлмөлүү үйлөр курулат. Алар тийиштүү техника жана эмерек менен камсыздалат, ошондой эле борбордук коммуникацияларды өткөрүү пландаштырылууда. «Курулуп жаткан үйлөр жаңы жашоонун башаты болсун», — деди Улукбек Марипов.

Белгилесек, турак-жайлардын курулушу 80 пайызы бүткөрүлгөн, аларды үстүбүздөгү жылдын 31-августунда пайдаланууга берүү мерчемделген. Мындан тышкары аталган шаарчанын аймагында балдар бакчасын куруу пландаштырылууда.