«Желек — бул келечек, тарых». Кикбоксчу Дастан Али Шаршеев туу боюнча пикирин билдирди

Кикбоксчу Дастан Али Шаршеев тууну өзгөртүү боюнча пикирин билдирип, жаңы желекти тааныбай турганын билдирди.

«Эң биринчи 19 жашымда артымдагы желекти көтөрүптүрмүн. Азыркы күнгө чейин атактап-даңктап көтөрүп келе жатабыз. Келечектеги беттештерге дагы ушул желек менен чыгам. Жаңы желекти тааныбайм. Жүрөктөн чыккан сөз жүрөккө жетет. Желек бул келечек, бул тарых. Муну өзгөртүүнүн кажети жок», — деди ал.