Жаңы жыл түнү Бишкекте кайсы транспорт каттамдары иштейт. Тизме

31-январдан 1-январга караган түнү жаңы жылдык атайын каттам түнкү саат 01:00гө чейин каттайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Алты троллейбустук каттамдын айдоочулары шаардыктарды төмөнкү багыттар боюнча үйлөрүнө жеткиришет:

№ 2, «Аламүдүн-1» кичи району — Фрунзе атындагы завод;
№ 4, эт комбинаты — Кожзавод;
№7, «Тунгуч» кичи району — «Ак-Өргө» конушу;
№10, «Асанбай» кичи району — Фрунзе атындагы завод;
№14 «Жогорку Жал» кичирайону — Киркомстром.
№ 17 «Асанбай» кичи району — Кожзавод.

Ошондой эле, жаңы жыл түнү саат 1ге чейин бардык каттамдарда автобустар, ошондой эле жеке кичи автобустар каттайт. 1-январдан тарта бардык муниципалдык коомдук транспорттор эртең мененки саат 08:00дөн 20:00гө чейин, ал эми кичи автобустар адаттагыдай эле атайын график менен иштейт. 2-январдан тарта бардык шаардык коомдук транспорт штаттык режимде иштей баштайт.