Жаңы жыл түнү Кыргызстанда 265 ымыркай төрөлдү

Кыргызстанда бир сутка ичинде 264 төрөт катталып, алардын бири эгиз бала болгондугун бүгүн, 1-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Жаңы жыл күнү республика боюнча бардыгы болуп 265 бала төрөлгөн: 144 уул жана 121 кыз. Талас облустук бириккен ооруканасында биринчилерден болуп 3 килограмм 160 грамм салмактагы эркек бала (00:01) жана Сузак районунун жалпы дарыгерлердин практика борборунда саат 00:05те 3 килограмм 600 грамм салмактагы эркек бала төрөлдү.

Эң көп төрөт Жалал-Абад облусунда катталган – 64 ымыркай төрөлдү. Бишкек шаарында 56 эне көз жарган.