Жаңы жылдан тарта Ош шаарында муздак суунун баасы кымбаттайт

Жаңы жылдан тарта Ош шаарында муздак суунун баасы кымбаттайт. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин токтомунда айтылат.

Депутаттар шаардын калкы үчүн ичүүчү суунун 1 куб метрине 6 сом 88 тыйын, саркынды сууларды тазалоо үчүн тарифти 4 сом 20 тыйын деп бекитүү чечимине келишкен.

Акыркы жолу Ош шаарында муздак сууга болгон тариф 2012-жылы 5,31 сомго көтөрүлгөн.