Жаңы жылдык балаты коопсуз болушу үчүн аны кандай орнотуу керек?

ӨКМ жаңы жылдык балаты коопсуз болушу үчүн аны кандай орнотуу керектигин билдирди. Эң негизгиси балатынын бутактарын дубалга жана шыпка тийгизбей туруктуу негизге орнотуу керек.

Балатыны пахта, кагаз, синтетика сыяктуу тез күйүп кетүүчү касиетке ээ заттар менен жасалгалоого тыюу салынат;
Электр гирляндалары заводдон жасалган жана эч кандай бузулуусу болбошу керек, мисалы, жылытуу зымдары, учкун чыгаруучу, жаркыраган жарыктар ж.б.;
Гирлянддарды тандоо – көчө жана үй үчүн гирляндалары болуп бөлүнүп, ар кандай мүнөздөмөлөргө ээ;
Балатынын жанында от шамдарды жана пиротехникалык заттарды колдонбоңуз;
Жаш балдарга жарыктандырууну өз алдынча күйгүзүүгө жол бербеңиз;
Үйдөн чыкканда электр түйүнүнө туташтырылган электр гирляндасын калтырбаңыз;

Жука айнектен жасалган оюнчуктарды алуу сунуш кылынбайт — алар сизге зыян келтире турган өтө майдаланып, сынып зыянын тийгизет.