Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги 2026-жылдагы жаңы жылдык эс алуу күндөрүн 12-январга чейин узартуу боюнча министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду. Документте анын себеби, 2026-жылдын 8- жана 9-январындагы иш күндөрүн 7-февраль жана 25-апрель дем алыш күндөрүнө жылдыруу сунушталууда.
Мыйзамга ылайык, 2026-жылы кыргызстандыктар 1-январдан 7-январга чейин эс алмак. Бирок министрлик эки жумуш күнүн жылдын башка ишембилерине жылдыруу менен эс алуу күндөрүн узартууну сунуштоодо.