Жаңы жылдык кечелерге тыюу салынды

Жаңы жылдык кечелерге тыюу салынды. Буга чейин чектөө киргизилиши мүмкүндүгү айтылып жаткан эле. Өкмөттүн жогорудагыдай чечим кабыл алганын вице-премьер Эльвира Сурабалдиева билдирди.

“Корпоративдерге көп адам чогуларын билебиз, көбү жеңил кийинип барышат, тумоо да бат жайылууда. Социалдык аралык сактоо жана бет кап режими таптакыр көзөмөлгө алынбай жатат. Бир дагы коллективде жаңы жылдык кечелер болбойт”, — деди Сурабалдиева. Ал мамлекеттик кызматкерлерге катаал көрсөтмөлөр берилгенин кошумчалады.