Жаңы жылдык майрамдарда республика аймагында милиция кызматты күчөтүлгөн тартипте өтөйт

30-декабрдан 2-январга чейин республика аймагында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.
Милициянын 10 000 миңден ашык кызматкери катышып, жаңы жылдык майрам иш-чаралар өткөн жерлер, кайтарууга алынган объектилер, Жаңы жылды тосуу мезгилинде коомдук тартипти сактоо жана элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү боюнча иш чаралар өзгөчө көзөмөлгө алынат. Жол кыймылынын коопсуздугуна дагы өзгөчө көңүл бурулуп, республиканын ички жана эл аралык трассаларында, айыл-шаарларды бириктирген жолдордо унаа кырсыктарын болтурбоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иш-чаралар уюштурулуп, тийиштүү кызматтар иш алып барууда.