Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда Жаңы жыл алдында үч эм төрөлгөн. Ымыркайлардын бири чарчап калды. Маалыматты журналисттерге аталган төрөтканадан тастыкташты.
Дарыгерлердин айтымында, 29-декабрда кесарево жолу менен үч эркек бала төрөлгөн. Өмүрүнүн алтынчы күнүндө алардын бири төрөт үйүндө каза болгон.