Жаңы жылга караган түнү 270 ымыркай төрөлдү

Жаңы жылдын келиши менен, 31-декабрь күнүнүн саат 8:00дөн тартып 1-январдын саат 8:00гө чейин Кыргызстанда 276 ымыркай төрөлдү. Алардын 143ү уул, 133ү кыз экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Ош облусунда туулган наристелердин арасында эгиздер бар.

2024-жылы эң биринчилерден болуп кыз жарыкка келди. Ал Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө туулган.

Ымыркайлар баарынан көп (88) Ош шаары жана Ош облусунда, Жалал-Абадда (57) төрөлдү. Бишкекте 52 эне көз жарган.