“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, 13-январга карата конуш тургундарына 686 техникалык паспорт берилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
«Жер-Ынтымагы» конушунан 1070 арыз кабыл алынып, анын 8ине канааттандыруудан баш тартылган, 898 техникалык паспорт берилди. Убактылуу негизде “Ала-Тоо”, “Дордой”, “Арча-Бешик”, “Керамик”, “Төкөлдөш”, “Ак-Ордо”, “2-Черепки”, “Кара-Жыгач”, «Тынчтык», «Учкун» конуштарында 2021-жылдын 13-декабрынан бери 542 кайрылуу кабыл алган. 2022-жылдын 11-январынан тарта «Дордой-2» конушунда да иш башталып, жашоочулардан 138 арыз түшкөн. Техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган. Көчмө бригадалары өз алдынча турак-жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүп, андан соң техникалык паспорт даярдашат. Жарандар ошондой эле түз эле Мамкаттоого кайрылып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз калтырса болот.