28-сентябрдан тарта Жибек Жолу проспектисинин Осмонкул көчөсүнөн тартып Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү жаңы көпүрө курулушунун башталышына байланыштуу транспорт үчүн убактылуу жабылат.
Жаңы көпүрө мурдагы 2 тилкеден 6 тилкеге кеңейет. Узундугу – 25 метр, туурасы – 34,3 метр болот. Эки тарабында тең ар бири 3 метрлик жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар каралган. Жолдун убактылуу жабылышына байланыштуу төмөнкү автобус каттамдарынын жүрүү схемасына өзгөрүүлөр киргизилет: №13, 35, 36, 40, 45, 48, 100, 101, 118, 169 жана 175.