Жаңы окуу жылы салтанаттуу линейка менен башталат

Жаңы окуу жылы бардык билим берүү уюмдарында линейка менен башталат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, министрлик бул маселе боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги менен кеңешкен. «Алар каршы эмес, бирок салтанаттар ачык асман алдында өтүшү керек. Эгер аба ырайы жол бербесе, анда графикке ылайык залдарда өтөт», — деди ал.

Жаңы окуу жылында 1-класска 156 миң 479 бала барат.