«Жаңы окуу жылына даярдык». Мугалимдердин көбү эмдөөдөн өттү

Эмдөө жана реалдуу убакытта окутуу боюнча жаңы окуу жылына даярдыктар жүрүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди.

«Бүгүнкү күндө мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбиячылардын 80 пайызы, мектеп мугалимдеринин арасында 70-80 пайыз, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү 60 пайыз жана жогорку окуу жайларынын 54,5 пайыз мугалимдери COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүштү. Айрым билим берүү мекемелеринде 100 пайызга эмдөө жүргүзүлгөнүн белгилейм», — деди ал.

Анын айтымында, Билим берүү министрлиги менен Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги вирустук жугуштуу ооруларды эске алуу менен жаңы окуу жылына даярдык көрүүдө.