Жаңы окуу жылында мектептер салттуу окутууга өтүшү мүмкүн

Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылына карата республиканын бардык мектептеринде салттуу окутууга даярданып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта журналисттерге мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди.

Анын айтымында, Билим берүү министрлиги бул багытта Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги менен иштеп жатат. Адистер коронавирустук инфекция азайып баратканын айтышууда. Кошумчалай кетсек, мугалимдердин дээрлик 70% COVID-19га каршы эмделген.

«Аймактарда мугалимдер массалык түрдө эмдөөдөн өтүштү. Кызматкерлери 100% эмделген мектептер жана бала бакчалар бар. Мектептерде оңдоо иштери аяктады, билим берүү тармагынын кызматкерлери медициналык кароодон өтүп жатышат. Азыр министрлик жаңы окуу жылына даярданып жатат. Августтагы методикалык кеңешмеме чечим жарыяланат»,— деди ал.

Ал окуучуларга форма кийүүнүн кажети жок экенин, бирок мектепке таза жана тыкан барышы керек экенин эске салган.