Жаңы рекорд: Өлкөдө бир суткада 58 миңден ашык адам эмделди (такталды)

Өткөн суткада 58 миң 398 адам коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Республикалык ыкчам штаб билдирди. Ыкчам штаб буга чейин 21 миң 120 жарандын вакцина алганын жазып чыккан эле. Кийинчерээк тактоо киргизди.

Соңку суткада эмделгендер:

Бишкек шаарында — 1733;

Ош шаарында — 754;

Ош облусунда — 43015;

Чүй облусунда — 1519;

Ысык-Көл облусунда — 3402;

Талас облусунда — 1012;

Нарын облусунда — 2005;

Жалал-Абад облусунда — 2991;

Баткен облусунда — 1967.