Жаңы Салык кодекси. Токмоктук ишкерлер да кассалык аппаратка каршы чыгышты (видео)

Токмок шаарынын кичи жана орто бизнес ишкерлер биримдиги кассалык аппараттарды (ККМ) орнотууга каршы. Видео Инстаграм баракчасына жарыяланды.

Алар жаңы Салык кодекси боюнча бийликке кайрылышты. «Чакан жана орто бизнес азыр оор абалда. Биз сизден онлайн ККМди колдонууну жок дегенде бир жылга токтотуп, адамдарды аларды орнотууга мажбурлабоону суранабыз. Эл патентке, Соцфондго төлөөгө даяр, бирок ККМ системасы кыйын», — деп нааразы болду ишкерлер.