Жаңы Салык кодексине каршы митинг. Чогулгандар Ак үйгө келишти

Бишкекте “Таатан” соода борборунун сатуучулары Жогорку Кеңештин имаратынын жанында жаңы Салык кодексине каршы митингин улантып жатышат.

Алар кассалык машиналарды (ККМ) милдеттүү түрдө колдонуу боюнча жаңы өзгөртүүгө макул эмес. Митингдин катышуучулары «Биз ККМге каршыбыз!», «Бул соода борбору эмес, базар!» деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушат.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-январынан тарта жаңы Салык кодекси күчүнө кириши керек. Буга чейин сатуучулардын кассалык аппараттары болсо, аларды салыктан бошотуу сунушталган.