Жаңы ВИП вагондун биринчи жүргүнчүлөрү Бишкектен Балыкчыга барышты

Буга чейин «Кыргыз темир жолу» Бишкек-Балыкчы-Бишкек жүргүнчүлөр каттамы үчүн кезектеги ВИП вагонун ишке киргизилгенин маалымдаган.

Бүгүн, 14-июндан тарта Бишкектен Балыкчы шаарына поезд жума, ишемби жана жекшемби күндөрү жүрө баштайт, ал эми 15-июлдан 31-августка чейин поезд күн сайын каттай баштайт.

Поезд Бишкек-2 бекетинен саат 07:40та жөнөп, Балыкчы бекетине саат 11:46да, Балыкчыдан кайра саат 18:12де жөнөп, Бишкек-2 бекетине саат 22:18де келет.

Балыкчы бекетине чейинки стандарттуу вагондордо бир жүргүнчүнүн жол кире акысы бир чоң жүргүнчүгө эсептелген өзүнчө орун ээлебестен 5 жашка чейинки балдар үчүн акысыз, 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн 73 сом, 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн 150 сом. Олтурган жана түшкөн бекетине карабастан Люкс вагонунда бир жүргүнчүнүн жол кире акысы, бир чоң жүргүнчүгө эсептелген өзүнчө орун ээлебестен 5 жашка чейинки балдар үчүн акысыз, 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга 250 сом, 10 жаштан ашкан жүргүнчүгө 500 сом. ВИП вагондо бир жүргүнчү үчүн жол кире баасы, олтурган жана түшкөн бекетине карабастан, бир чоң жүргүнчүгө эсептелген өзүнчө орун ээлебестен 5 жашка чейинки балдар үчүн акысыз, 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн 400 сом, 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөргө 800 сом. Кол жүгүн жеткирүү акысыз.