«Жаңыдан окуп баштаганда кайра онлайн окууга өттүк». Мектеби көгөрүп кеткен окуучу Жапаровго кайрылды (видео)

Интернет айдыңында президент Садыр Жапаровго кайрылып, андан эки кабаттуу мектеп салып берүүсүн өтүнгөн окуучунун видеосу кызуу талкуу жаратып жатат.

Анын айтымында, алардын мектеби көгөрүп жаткандыктан окуучулар кайра онлайн окууга өтүшкөн.

«Садыр Жапаров, мына сиз президент болдуңуз. Биздин Балбай баатыр айылына эки кабаттуу мектеп салып берип койбойсузбу. Азыр мектебибиз көгөрүп, онлайн окууга өттүк. Жаңыдан жакшы окуп баштаганда кайрадан онлайн окууга өттүк. Онлайн. Ошо болмок беле? Давай, эки кабаттуу мектеп салып бериңиз, мектеп салсаңыз анан эл-журт сизди жакшы көрө баштайт», — дейт окуучу.