31-октябрда Ош-Ноокат автожолунун жаңыланган жана кеңейген бөлүгүнүн салтанаттуу ачылыш аземи өткөн. 2023-жылы Ош облусу боюнча жол тармагында жалпы 112,6 чакырым жолго асфальт төшөлсө, 2024-жылдын тогуз айлык жыйынтыгы менен дагы 99,11 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Анын ичинен 17,53 чакырымы ушул Ош-Баткен-Раззаков автожолунун эки катмарлуу асфальт туура келет. Ошондой эле 2025-жылы Ош-Баткен-Раззаков автожолунун калган бөлүгүн асфальттоо пландалып жатканы айтылып, бул иштер аткарылса, Ош менен Баткен облустарын байланыштырган негизги жол каттамы толук оңдолуп бүтөрү маалымдалган.
Ош-Баткен-Раззаков эл аралык маанидеги автоунаа жолунун Ноокат районун аралап өткөн эң орчундуу бөлүгү 13,5 чакырым аралыгынын экинчи катмары толук төшөлүп бүткөн. Ноокат шаарын аралап өткөн эл аралык маанидеги жолдун 34-40-чакырым аралыгы 4 тилкелүү болуп салынып, ирригация, жарыктандыруу, жашыл зона жана тротуар куруу иштери аяктап калган.
Соцтармак колдонуучусу Исхак Туратбеков жолдун жаңылануусунан кийин тартылган видео жарыялады.