«Жаңылыш сайылган дарыдан уулум чарчап калды» дейт 4 жаштагы баланын атасы

Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо борборунун Онкология жана гематология бөлүмүндө 4 жаштагы бала чарчап калган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги баланын атасы, спорт кабарчысы Токтомуш Жекшенбай уулу менен байланышканыбызда, уулунун өлүмүнө дарыгерди айыптады.

Анын айтымында, дарыгер 4 жаштагы Рамил Жекшенбаевге кан тамырга сайылчу дарыны жүлүнгө сайып, анын кесепетинен бала каза тапкан. Рамил 2023-жылдан бери кан рагы менен жабыркап келген. Ошондой эле, уулу ак кан оорусун жеңип, акыркы дарысын алууга 13-декабрда жогоруда аталган ооруканага барышканын айтты.

«Балама 2023-жылы ак кан деген диагноз коюлуп, Индияга алып барып, 6 ай жашап дарылатып келгенбиз. Балам айыгып калган болчу. Ал жактагы дарыгерлер дары жазып беришип, аны ушул эле Эне жана баланы коргоо борборунун дарыгерлери сайып берип турушкан. Буга чейин 9 айда үч жолу алганбыз. 13-декабрь күнү акыркы уколубузду алганы барганбыз. Балам жакшынакай эле абалда барган. Эки уколубуз бар эле. Үйгө келгенден кийин бир аз уктап туруп, кусуп, шайы кетип баштады. Аялым экинчи уколду үйдөн көрүп «кайсы уколду сайган» деп ооруканага алып бардык. Көрсө, кан тамырга берчү «Винкристин» деген дарыны жүлүнгө сайып салыптыр. Ал дары жаңылыш куюлганда артка жол жок экен, алгач шал болуп, анан өлүмгө жеткирет экен. Ошентип, балам 6 күн ооруканада 38 градус дене табы менен күйүп-жанып жатып, учуп кете берди. Дарыгердин шалаакылыгынан балам каза болуп, кан жутуп отурабыз», — дейт Токтомуш Жекшенбай уулу.

Бул окуя боюнча редакция Саламаттыкты сактоо министрлигинен комментарий алуу үчүн байланышканыбызда, комиссия түзүлүп жатканын, анын жыйынтыгы менен бөлүшөрүн билдиришти.

Сүрөттөр каза болгон баланын атасынын уруксаты менен жарыяланды.