«Жанында блокноту болгон». Чүйдө 13 жаштагы кыз поезд алдында калып көз жумду

Чүйдө 13 жаштагы кыз поезд алдында калып көз жумду. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-июнда Ысык-Ата ОИИБге темир жолдо жарандын поезд алдында калганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган кызматкерлер 2009-жылы туулган кыздын жансыз денесин табышкан. Аталган факты РИИБге катталган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө, кыз чоң энеси менен жашап жүргөнү аныкталган. Ошондой эле кырсык болгон жерди кароо учурунда жашоого болгон көз караштар жазылган блокнот табылган. Тергөө иштери жүрүп жатат.