«Жанында досу бар болчу». Орусиядагы жол кырсыгында каза болгон 23 жаштагы жигиттин жакыны маалымат берди

Буга чейин Орусиядагы жол кырсыкта каза болгондордун төртөө Жалал-Абад облусунун тургундары экени маалым  болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги кырсыкта каза болгон 1999-жылы туулган Адилет аттуу жигиттин жездеси менен байланышып, ал маркум тууралуу айтып берди.

«Адилет 1999-жылы туулган. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Жар айылынан болот. 4 жылдан бери Орусияда болчу. Үйлөнгөн эмес. Ата-энеси бул жерде (ред. Кыргызстанда) жашайт. 6 бир тууган болчу. Алар ошол күнү чек арадан кирип-чыкты кылып, каттоосун узартканы барышкан экен. Жанында Шекербек деген досу болгон. Экөө тең көз жумду», — деди ал.