«Жанындагыларга «кызына таарынып, атынып алыптыр» деген тил кат жаздырып алышыптыр» дейт каза болгон аскердин агасы

Бүгүн, 4-июлда Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүндө аскер өзүн атып, каза болду. Акыйкаттык издеп SUPERTV`га кайрылган маркумдун жакындарынын айтымында, ал өз жанын кыймак эмес. Маркум бир нече жолу апасына ар кайсы номерге бирдик салдыртып турганын айтышууда.

«Иним ар кайсы номер менен чалып, бирдик салдыртчу. Ошол түнү «апа, мен жакшымын» деп чалыптыр. Түндө саат 2де каза болгон экен. Бизге 4тө чалып «балаңар өзүн атып алды» деп айтышты», — дейт жакындары.

Ал эми өлүкканага инисин таануу үчүн кирген агасы «ээгинде октун кирген жери бар экен, ал эми ошол эле ок башынын капталынан чыгыптыр» дейт. «Бирок экинчи жолу таякеси экөөбүз киргенде, ал чекесинен да октун тешигин көрүптүр. Ал эми бизге башчысы бир ок менен экинчи октун аралыгы 5 метрден экен дешти. Биз эки ок деп жатабыз. Ал эми алар бир окту абага атыптыр дешти. Анан коркуп кетип, атыныптыр дейт. Өзүн-өзү атса, бир эле ок кирет да», — деди ал.

Ал ошондой эле аскердин жанындагылардан «кызына таарынып жүргөн, ошондон атынып алыптыр» деген тил кат жаздырып алышканын айтты. «Биринчи окту атып, анан жаны чыга электе кантип экинчи окту атат?» — деп суроо салат агасы.