Жаныш Бакиевдин жубайы Кыргыз өлкөсүнө келди

Бийликтен куулган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин жубайы Орозгүл Токторбаева Кыргыз өлкөсүнө келди. Бул тууралуу ырчы Айчүрөк Султанова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал Токторбаева менен бирге түшкөн сүрөтүн бөлүшүп, анын өлкөгө келгенин жарыялаган. «Ажарлуу, мээримдүү досубуз Орозгүл Токторбаева келип, кубанычыбызда чек жок. Жакшы долбоор менен келди. Ишиңе ийгилик», — деп жазган ал.

Бирок ырчы бир нече убакыттан кийин сүрөттү баракчасынан өчүрүп салды.

Кыргыз өлкөсүндө Жаныш Бакиев Кылмыш кодексинин бир катар оор беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, ал сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. 2010-жылдын 7-апрелдеги окуялардан кийин Бакиевдер өлкөдөн чыгып кетишкен. Курманбек Бакиев Беларуста саясий башпаанек алган болчу.