«Жапайычылык менен кармады». Жанар Акаев жөрмөлөгөн мигранттар боюнча маселе көтөрдү

Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Жанар Акаев Орусияда жөрмөлөгөн мигранттар боюнча маселе көтөрдү.

«Такси айдаган, ашпозчу болуп иштеген мекендештерибизди мончодо жөн эле эс алып жаткан жеринен суроо-сопуту жок эле жапайычылык, зөөкүрчүлүк менен сабап, жөрмөлөтүп, ошол жерде кордоду. «Жарым килограмм ачуу калемпир» жедирди дейт. Эмнеге десе «Силер бизге жакпайсыңар» дешиптир. Бул эмне деген? Ким эмне реакция кылды. Элчини чакыргыла да«,- деди ал.