Жапаров да «соотечественники» сөзүн айта албай жаңылды

Бүгүн, 28-январда президенттик кызматка киришкен Садыр Жапаров инаугурация учурунда “соотечественники” сөзүн туура айта албай жаңылды. Буга байланыштуу социалдык тармактарда ар кандай тамашалуу видеолор көбөйдү.

Буга чейин экс-президент Сооронбай Жээнбеков да дал ушул сөздү туура айта албагандыктан коомчулуктун талкуусун жараткан эле.

Ошондой эле бир катар Жогорку Кеңештин айрым депутаттары шыр айтып кетүүгө оор сөздөрдү туура айта албай, шылдыңга туш болушкан.

Мындай көрүнүш көбүнүн жылмаюусун жаратса, кээ бирлер ушундай сабатсыз аткаминерлер мамлекеттин кадыр-баркын түшүрөт деп кыжырданышат.