Жапаров, Жээнбеков, Отунбаева Жеңиш аянтына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты. Анда мамлекет башчысы Түбөлүк отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскерип, таазим кылды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.
Митинг-реквиемге Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова, экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков катышты.
Бир мүнөттүк аза күтүүдөн кийин борбор калаанын Жеңиш аянтында залп атылып, Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.