Жапаров: «Кийинки Олимпиадага спортчуларды казан-казан эт, куржун-куржун казы-карта менен жөнөтөбүз»

Учурда Франциянын Париж шаарында Олимпиада оюндары өтүп жатат. Бул спорттук мелдештерде кыргыз балбандары күчүн сыноодо. Аны менен кошо акыркы күндөрү коомчулукта спортчуларга жеткиликтүү шарт түзүлбөгөндүгү тууралуу да сөздөр талкууга алынууда. Буга байланыштуу “Кабар” агенттиги мамлекет башчысы Садыр Жапаровдон комментарий алды.

«Мурда спортчуларыбыз эл аралык мелдештерге барарда акчалары өз убагында бөлүнүп берилбей, каражат жок, ар кимден карыз алып, мелдешке кетип жүргөн күндөрү болгонун өз көзүбүз менен көрүп жүрбөдүк беле. Анын баарын тез эле унутуп калдыкпы? Мелдештерге барып келип, андан кийин акчалары колдоруна тийген кезде карыздары менен эсептешип жүргөндөрүн мен өз көзүм менен көргөм. Ал күндөр эми артта калды. Мындан ары эми андай болбойт.

Кыскасы, “Көрө-көрө көсөм болом” дегендей, кийинки Олимпиадага кандай даярдыктар менен баруу керектигин билип алдык. Кийинки Олимпиадага спортчуларыбызды казан-казан эт, куржун-куржун казы-карта менен жөнөтөбүз. Азырынча кылдан кыйкым издебей, андан көрө спортчуларыбызга дем берип, колдоп туралы», — деди ал.