Жапаров: «Курулушу башталып, ортодо токтоп калган мектептердин 80 пайызы бүттү»

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кара-Суу районуна караштуу Кара-Дөбө айылындагы 275 орундуу М.Тешебаев атындагы мектептин салтанаттуу ачылышына катышты.

«Бул мектептин курулушу 9 жыл мурда башталган эле. Эми мына курулуш иштери аяктап биздин балдар, биздин кыздар жаңы окуу жайына кирип жатышат» деген ал республика боюнча бул сыяктуу курулушу башталып, бирок ортодо токтоп калган мектептердин 80 пайызы бүткөрүлгөн билдирди.

МинКаб башчысы акыркы үч жылда 214 жаңы мектеп салынганын белгиледи. «Элдин кирешесин көбөйтүү үчүн 365 миңден ашык адамдын айлык акысын жогорулаттык, анын ичинде мугалимдердин, дарыгерлердин, мамлекеттик жана муниципалдык жана башка тармактын кызматкерлердин маянасы жогорулады. Булардан тышкары 700 миңден ашык пенсионердин пенсиясына 3 жылда 3000 сомдон ашык коштук», — деди ал.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Өзгөн районундагы № 60 Т.Төлөнбаев, Ноокат районундагы Маданият орто мектептеринин ачылыш аземине онлайн форматында катышты.