Жапаров менен Путин видео байланыш аркылуу 3 мектептин курулушуна старт берди

Президент Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин видео байланыш аркылуу 3 мектептин курулушуна старт берди.

Садыр Жапаров өлкөдө орусиялык билимге, орус тилин үйрөнүүгө кызыгуу күчөгөнүн белгиледи. «Кыргызстан жаштарынын Орусияда билим алууга, орус тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуусу акыркы жылдары өзгөчө байкалууда. Орусия менен билим берүү тармагында кызматташуу бекемдеп, натыйжалуу болуп жатат», — деди Жапаров.  

Аталган үч мектеп Бишкек, Баткен жана Караколдо курулат.