Жапаровдун агитациясында эсин жоготуп кулаган кыз сууктан улам сулап калганын айтат

Буга чейин социалдык тармактарга президенттикке талапкерлердин бири Садыр Жапаровдун үгүт кампаниясынын жүрүшүндө сахнада бир кыздын ордунан сулап жыгылган видеосу тараган.

Ошол окуянын чоо-жайы маалым болуп, бүгүн кыздарды таң эрте Садыр Жапаров кабыл алганы айтылды. 19-декабрда Алай районунда эл менен жолугушууда жыгылып түшкөн кыздарга камтама болуп, алардын ал жайын сурап, атайын бизди чакыртыптыр. Кыздардын саламаттыгы бүгүнкү күндө жакшы, тынсызданууга себеп жок. Күндүн суугуна байланыштуу ошондой окуялар болуп кетти деп жазылат Ошто иштеген журналист Жылдыз Бекбаеванын билдирүүсүндө.

Андан ары Курманжан жана Аделаида аттуу Алайдын кыздары Оштогу окуу жайларда 1-2-курста билим алышары, үгүт иштерине ыктыярдуу түрдө катышканы маалымдалган.