Жапаровдун агитациясында кыз эсин жоготту

Социалдык тармактарда президенттикке талапкерлердин бири Садыр Жапаровдун үгүт кампаниясынын жүрүшүндө сахнада бир кыздын ордунан сулап жыгылганы талкууланып жатат. Видеодон талапкер сүйлөп жаткан учурда анын артында турган үгүтчүлөрдүн бири турган жеринде кулаганы жана андан улам талапкердин сөзүн токтоткону көрүнөт. Андан ары “Тез жардам” чакыргыла” деген Жапаров.

Окуянын өзү Алай районунда болгондугу айтылууда. Азырынча кыздын абалы тууралуу маалымат бериле элек.