Жаран Соцфондго төлөп жүрүп, пенсияга чыгып, каза болуп калса, акчасы эмне болот?

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Аливден «эгерде жаран мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп, пенсия алган учурга жетип, каза болуп калса, пенсиясы эмне болот?» деген суроо узатты.

«Бүгүнкү күндө мыйзам боюнча 10 пайыз кармайбыз, анын 2 пайызы «накопительный» болот. Ал киши пенсия жашына жетпей каза болсо, ошол 2 пайызын мураскерлери алса болот, ал эми калганы пенсиялык фондго кетет. Дагы бир учур, эгер пенсиядагы жолдошу каза болуп, жубайынын пенсиясы аз болсо, жолдошунун пенсиясына өтсө болот. Калган учурда акча кайтарылбайт», — деди ал.

Депутат буга нааразы болду. «Жаран иштеп, 10 пайызын Соцфондго төлөп жүрүп, каза болуп калса, анын акчасын бала-чакасына бериш керек да. Ушуну караш керек», — деди ал.