«Элди дүрбөлөңгө салбагыла». ИИМ Баткенде абал туруктуу экенин билдирди

Баткен облусунда абал туруктуу. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Мындан тышкары, ИИМ жалган маалыматтарды таратпоого чакырды.

Маалыматка караганда, Баткен ОИИБдин кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында 27-январдан бери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Ошондой эле чек арага чектешкен аймактардагы Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-1, Арка-2, Достук, Жаштык айылдарында, Кулунду айыл аймагындагы Максат, Сада, Кулунду айылдарында коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн биргелешкен кайгуулдар уюштурулган. Милиция кызматкерлеринин Баткен районундагы Ак-Сай, Таш-Тумшук, Орто-Боз, Көк-Терек, Көк-Таш, Самаркандек, Кызыл-Бел, Достук, Кара-Бак, Ак-Сай — Ворух, Бакай, Ак-Сай — Развилка багыттарында дагы ички кайгуулдары уюштурулуп, учурда коомдук кырдаал толук көзөмөлдө.

«Баткен районундагы кыргыз-тажик окуясынан улам, айрым жарандар WhatsApp жана башка социалдык тармактарда кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган жалган маалыматтарды таратып, элди дүрбөлөңгө салууда», — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги эскертет: Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренеси боюнча кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо, буга эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо 40тан 100 саатка чейинки коомдук жумушка тартууга же 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат. Жарандарды WhatsApp мессенжериндеги тайпаларга чагымчыл, жалган, такталбаган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырабыз жана мындай фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 телефон номуру аркылуу кабарлоону суранабыз. Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт жана чагымчыл билдирүүлөрдү таратууга тиешеси барлар жоопкерчиликке тартылат.