Жарандыгы жок адамдар да коронавируска каршы эмдөөдөн өтө алышат

Жарандыгы жоктор, качкындар жана кайрылман макамы барларды коронавируска каршы вакцинацияга кошуу үчүн атайын алгоритм иштелип жатат. Бул тууралуу  кечээ, 19-февралда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын Борбордук Азиядагы өкүлү Ханс Фридрих Шоддер менен өткөргөн жолугушуусунда билдирди.

Анда Солтонбекова министрлик коронавируска каршы вакциналарды алуу жана Орусиянын вакцинасын биргелешип өндүрүү аракетин көрүп жатканын айтты. Жолугушуунун соңунда БУУ менен өлкөнүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ортосунда тыгыз кызматташтык боюнча макулдашуу убадаланды.