Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек кармалды

Жарандык активист, NextTV каналынын штаттан тышкаркы кызматкери Адилет Али Мыктыбек кармалды. Бул тууралуу аталган каналдын продюсери Өмүрбек Сатаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка караганда, ал Биринчи Май РИИБге суракка чакыртылып, камакка алынган. Ал эми СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги райондук милиция менен байланышканыбызда, тактап, маалымат беришерин айтты.

Кечээ, 11-апрелде жарандык активист Адилет Али Мыктыбек СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине сурак берип жатканын билдирген эле.