Жарандык активист Атай Бейшенбек райондук сотко жеткирилди (видео)

Бүгүн, 25-октябрда жарандык активист Атай Бейшенбек райондук сотко алып келинди. Анда анын баш коргоо чарасы каралат.

Атай Бейшенбек буга чейинки камакка алынгандардан айырмаланып, Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитеттин мүчөсү эмес.

24-октябрдан 25-октябрга караган түнү кармалган 20 саясатчы жана активисттин бөгөт чарасы каралып, алардын 19у 2 айга камакка алынды. Ал эми Талант Эшалиев жүрөк оорусуна байланыштуу үй камагына алынган.