Жарандык активист Кундуз Ажибекова УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, ал Фейсбуктагы постунан улам суракка чакырылган. «Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаевдин, МТУ-4 жетекчиси Бахтияр Канатбековдун жана орун басары Рыскул Турсукеевдин мыйзамсыз иштери боюнча посттон кийин УКМКдан чакыруу келди. Буюрса барып колдогу фактылардын баарын беребиз!», — деп жазды ал.