Жарандык активист Мелис Аспековдун жүрөгүнө операция жасалды

Жарандык активист Мелис Аспековдун жүрөгүнө операция жасалды. Бул тууралуу журналисттерге «Бикард» клиникасынын башкы дарыгери Дамир Осмонов билдирди. Анын айтымында, учурда Аспековдун абалы туруктуу.

11-августта  Мелис Аспековдун жүрөк оорусу кармап Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Кийинчерээк анын жандандыруу бөлүмүндө жатканы маалым болгон.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызмат адамдарынын арызынын негизинде жарандык активист Мелис Аспеков менен блогер Улан Жураевди УКМК кармаган. Алар Финпол аркылуу текшертебиз, ишкананын жетекчилигине каршы митинг уюштурабыз деген коркутуулар менен 250 миң доллар пара талап кылганы айтылган. Жураев үй камагына чыгарылып, Аспеков камакка алынган болчу. 21-майда Мелис Аспеков УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагына которулган. 3-августта анын баш коргоо чарасы каралып, 3-августка чейин камакта калтырылган.